Жаңылыктар
Чек арага чектеш аймактарда кээде ок атуулар болуп жатат
Чек ара
Чек арага чектеш аймактарда кээде ок атуулар болуп жатат

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы абал боюнча. Чек аралаш аймактарда айрым учурларда ок атуулар болуп жатат. Бардык күч түзүмдөрү абалды көзөмөлгө алууда. 

Ок атышуунун натыйжасында азыркы учурга 134 адам жабыркап, 13 киши каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган. Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө. 

Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн, ошондой эле Лейлек районун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат, айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куюучу бекеттер бар. Чек ара тозотторунун бешөөнө ок атылып, өрт чыккан.