Ош шаарынын мэриясы Баткенге гуманитардык жана акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов борбордук аянтта Баткенге гумжардам жөнөтүүгө чогулган жаштар менен жолукту.
Мэр өз каалоосу менен жардам берүүгө чогулган жаштарга ыраазычылык билдирип, гумжардам топтоого комиссия түзүлө турганын айтты.
"Баткендик туугандарыбызга ар кандай жардам берүүгө даярбыз. Силер өз каалооңор менен жардам колун сунуп жатканыңарга рахмат. Мэрия тарабынан да 200-300 миң сомдой акча которуп, мэриянын аппараты да бир күндүк эмгек акысын берет. Бүгүндөн баштап алгачкы жардамдар жөнөтүлөт. Өлкөбүздө тынчтык болсун. Мындай учурда жардам колун сунуу, көмөк көрсөтүү атуулдук, жигиттик милдетибиз. Тартипти сактайлы. Мекенибизге колдон келишинче кызмат кылабыз. Кан төгүлбөсүн. Элибиз аман болсун",- деди калаа жетекчиси.