Жаңылыктар
Улуттук банкы бейшембиде 62 миллион 250 миң доллар сатып ири интервенция жасады
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банкы бейшембиде 62 миллион 250 миң доллар сатып ири интервенция жасады

Кыргызстандын Улуттук банкы бейшембиде 62 миллион 250 миң доллар интервенциялады. Бул тууралуу маалымат Улутук банктын расмий сайтына жарыяланды. 

Жыл башынан бери Улуттук банк алты жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 270 миллион 450 миң долларды рынокко чыгарды. Бейшемби күнгө салыштырмалуу доллардын сатып алуу курсу 2 тыйынга, же 84 сом 75 тыйынга чейин түшсө, сатуу мурдагы эле баада 84 сом 90 тыйын боюнча турат. Айдын башында 50 миллион доллар интервенцияланган.