Жаңылыктар
Айыл башчысы туткунда
Чек ара
Айыл башчысы туткунда

Бүгүн, 30-апрелде эртең менен Лейлек районундагы Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев уурдалып, туткунга алынды. Бул маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады. 

Маалыматка караганда, бул айылдын тургундары толугу менен эвакуацияланган. Айылдагы өрттөлгөн үйлөрдө каза болгон эки айылдашынын денесин алып кеткени барган айыл башчыны тажик тарап барымтага алып, Тажикстанды көздөй алып кетишкен. Бүгүн түнү эки өлкө ок атышпоо тууралуу документке кол коюшкан, бирок ага карабастан тажик тарап Лейлек районундагы бош калган кыргыз айылдарын өрттөп, мародерлук кылып кетишкен.