Жаңылыктар
Чек ара чыры мамлекеттер ортосунда эки тараптуу дипломатиялык жол аркылуу чечилет,- Чолпонбек Абыкеев
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара чыры мамлекеттер ортосунда эки тараптуу дипломатиялык жол аркылуу чечилет,- Чолпонбек Абыкеев

Жазуучу жана коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев чек ара чыры мамлекеттер ортосунда эки тараптуу дипломатиялык жол аркылуу чечилерин билдирди. 

Ал өлкө жарандары бийликке ишенип, мүмкүнчүлүк берүүсү керек деп эсептейт. Чек ара маселеси талылуу көйгөйдүн бири. Коомдук ишмер эл-журт ынтымактуу болуп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып оор маселени мамлекеттин кароосуна коюу керек деген пикирин айтты.

"Мамлекеттин алдында бир муштум болуп түйүлүш керекпиз. Саячсатчылар көз карашын жылдыра турсун, кийин да улантса болот. Мамлекет гана чече алат", - деди жазуучу жана коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев.