Жаңылыктар
ЖОЖдорго гранттык негизде кабыл алуунун 3-туру башталды
Билим
ЖОЖдорго гранттык негизде кабыл алуунун 3-туру башталды

Кыргызстанда Жогорку окуу жайларга гранттык негизде кабыл алуунун 3-туру башталды. 2-турдун жыйынтыгы менен 1830 абитуриент бюджетке окууга өтүштү. Жалпысынан магистрдик программалар менен катар 2 миңден ашуун бюджеттик орун бөлүнгөн болсо,779у бош калган. 

Бүгүнкү күндө республика боюнча 84% гранттык орун толду. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын берген маалыматы боюнча, абитуриенттер көбүнчө техникалык кесиптерди тандап алышкан, ал эми алдыңкы орунда медицина турат. 

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! 

WhatsApp +996551748118