Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын рейси менен "Манас" эл аралык аэропортуна келип түштү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, 2021-жылдын 29-апрелинде Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын рейси менен "Манас" эл аралык аэропортуна келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү "Манас" эл аралык аэропортуна гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине катышты.
Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында, бул гуманитардык жардам жакын арада Баткен аймагына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жеткирилет.