Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакка байланыштуу Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
Мекеменин расмий сайтына жайгаштырылган маалыматка ылайык, 29-апрелдин кечинде чек арага тектеш тилкедеги курал колдонулган чатакты жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн тиешелүү өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болду. Тараптар Согди жана Баткен облустарынын чек ара тилкелеринде ок атышууну токтотуу, аскер техникаларын чыгаруу жана абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты.
Буга байланыштуу, тараптардын тийиштүү органдарынын кызматкерлеринин арасынан жетишилген макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөө жана мамлекеттик чек арадагы кырдаалды курчутпоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.