Жаңылыктар
УКМК: Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүгө кетти
Чек ара
УКМК: Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүгө кетти

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүгө кетти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Камчыбек Ташиев менен кошо сүйлөшүүлөргө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев дагы кетти.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп саналат. Ал Баткенге бүгүн эртең менен барды.