Жаңылыктар
Жыл башынан бери 67 адам сууга чөгүп каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери 67 адам сууга чөгүп каза болду

Кыргызстанда  жыл  башынан  бери  67 адам сууга чөгүп  каза болсо,  анын  57 си жайкы  сезон  учурунда катталган. Булардын көпчүлүгү Бишкек  шаарында  жана  Чүй  облусунда  болгон. Алардын арасында балдар да  бар.  Куткаруучулар,  ата-энелерге  балдарды кароосуз калтырбоону  эскертишет.  Ошондой эле  алкоголдук ичимдик ичип сууга түшүүдөн алыс болууга чакырышат.

Сууга  чөккөндөрдүн көпчүлүгү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында  катталган.  Жарым  жыл  ичинде  ГЭС-5, БЧК,  Кашка-Суу  жана Ал- Арча сууларына  чөгүп  21 адам  каза болгон . Анын 16 учуру  июнь айынан  берки  учурлар. Бишкек шаардык  куткаруу  кызматынын башчысынын орун басары Мелис Назарбековдун айтуусунда, мындай жагдайлардын катталышына жарандар өздөрү себепкер, анткени айрымдар алкоголдук ичимдиктерди  ичип алып, кырсыктаса, дагы бири жаш балдарын кароосуз таштап койгон  көрүнүштөр катталат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! 

WhatsApp +996551748118