Бишкекте республикалык Кан борборуна барып кан тапшыргандар кезекке турууда. 30-апрелде эртең мененки саат 11ге карата 100дөн ашык адам кан тапшырды.
Кезек күткөндөрдүн арасынан Бишкектеги аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлерин, шаар тургундарын көрүүгө болот. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова каалоочуларды кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан жабыркагандарга донор болууга чакырды.
Кан борбору Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан. Ал эми материалдык жардам көрсөтүүнү каалагандар Кожомкул атындагы спорт сарайына барса болот.