Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдын кесепетинен каза болгон офицердин сөөгү Бишкекке жеткирилип, Ат-Башыга жөнөтүлдү.
Маркумдун досу билдиргендей, ал Нарын облусундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары болчу. Эсентур Нарындан Баткен облусуна эки апта мурда кызмат өтөөгө кеткен.
Эсентур Кубанычбек уулу Россиядан чек ара кызматы боюнча жогорку аскердик окуу жайын аяктаган. Эсентур ата-энеси жок болгондуктан туугандарынын колунда өскөн. 8-класска чейин Ак-Муз айылындагы Боогачы орто мектебинде билим алып, андан кийин Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүргөн. Кийин Россияда 5 жыл чек ара адистиги боюнча билимин жогорулаткан. Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын аскер тобунда иштеп келген.