Баткенде жаракат алгандардын 25 адам Бишкек шаарына алынып келип, ооруканаларга жайгаштырылды. Көпчүлүгү Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда.
Мында учурда 14 бейтап жатат. Дарыгерлердин айтымында алардын алган жаракаттары ар кандай. Алардын 13үнө ок тийген. Денелерине, өпкөсүнө, ички органдарына жана муун сөөктөрүнө тийген. Жабырлангандардын жетөө аскер кызматкери, бирөө милиция кызматкери, ал эми калгандары жөнөкөй жарандар. Барынын абалы туруктуу, - деп билдирди борбордун директору Сабырбек Жумабеков.