Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Чек ара
Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. УКМК төрагасынын маалыматы боюнча бардык маселелер чечилүүдө. 

Камчыбек Ташиев менен кошо сүйлөшүүлөргө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев катышты.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп саналат. Ал Баткенге бүгүн эртең менен барган.