Жаңылыктар
Текебаев баш калааны жаңылоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алды
Саясат
Текебаев баш калааны жаңылоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алды

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев “Бишкектин тарыхый борборун жаңылоо жана өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра чакыртып алды. Демилгечи  пландуу бир багыт жок болгондуктан башкалаа башаламан өнүгүп жатканын, жер натыйжалуу пайдаланылбай, башкы план боюнча ири комплекстер курула турган жерлерде майда-чүйдө үйлөр салынып, талаптар аткарылбай жатканын айтып, мындан улам ал борбордун архитектуралык көрүнүшүн оңдоону сунуштап чыккан. Мыйзам долбоорун кайра кайтарып алуу себептери тууралуу кабарчыбыз Сүймөнкул Идирисов депутат Өмүрбек Текебаев менен маек курган. Аны төмөндө жайгашкан аудио аркылуу укса болот.

Эске сала кетсек, аталган мыйзам долбоору июнь айында коомдук талкууга коюлган. "Аталган демилгеге коомдун пикирин эске алуу менен жана шаарды реконструкциялоо жаатында тажрыйбабыз жок болгондуктан мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу чечимин кабыл алдык", — деди Текебаев.

Эл өкүлү аталган демилгени кийинки жаштар улантат деп үмүт кыларын кошумчалады.