Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасынын аймагындагы бир дагы заставаны алдырган жокпуз - УКМК
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасынын аймагындагы бир дагы заставаны алдырган жокпуз - УКМК

Кыргыз-тажик чек арасынын аймагындагы бир дагы заставаны алдырган жокпуз - дешти Чек ара кызматынан. Социалдык тармактарга тажик тарап бир нече аскердик жайды басып алды деген жалган маалыматтар тараганы белгиленди. 

"Бөрү" атайын бөлүгү бир дагы тосотту алдырган жок. Ооба аткылашты, талкалашты, бирок жоокерлер аскердик жайларды жана өздөрүн мыкты коргошту. "Головной" суу бөлүштүрүү жайын да толук көзөмөлгө алышты. Чагымчыл маалыматтарга ишенбеңиздер", — дешти Чек ара кызматынан. 

Эске салсак, кечээ түштөн кийин саат бештер чамасында тажик тарап Кыргызстандын "Капчыгай, "Миң-Булак", "Достук" чек ара заставалары менен "Кожогар", "Булак-Башы" чек ара постторун миномёт менен аткылаган. Натыйжада "Достук" чек ара заставасы өрттөнүп кеткен. Мындан улам УКМКнын "Бөрү" атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын "Ходжа Аълло" чек ара заставасын басып кирген.