Жаңылыктар
Владимир Путин кыргыз - тажик чек ара тилкесиндеги чатакты чечүүдө ортомчу болууга даяр экенин билдирди
Чек ара
Владимир Путин кыргыз - тажик чек ара тилкесиндеги чатакты чечүүдө ортомчу болууга даяр экенин билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесиндеги чатакты чечүүдө ортомчу ордун аткарууга даяр. Бул туурасында Орусия президентинин маалымат катчысы Владимир Песков журналисттерге билдирди. 

«Албетте, биздин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму жана башка форматтагы жалпылыгыбызды эске алганда - президент Путин чатакташтан өлкөлөрдүн ортосунда чыккан курч көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчулук ролду ойноого ар дайым даяр. Ал буга чейин мындай аракетин бир нече жолу көрсөткөн», - деди Песков, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалда медиация жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроого жооп берип жатып.