Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде чыккан жаңжалды саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө көмөктөшүүгө даяр. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Москва боордош Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара тилкесиндеги кырдаалдын кескин курчушун тынчсыздануу менен байкоо салды. Тилекке каршы, куралдуу кагылышуунун натыйжасында эки тараптан тең адам курмандыктары бар. Учурда кырдаал турукташты, бирок чыңалуу дагы деле болсо сакталып турат. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайбыз.
Биз 30-апрелге караган түнү кагылышууларды токтотуу жана курч кырдаалды сүйлөшүүлөрдүн баскычына өткөрүү, күчтөрдү жана аскердик техникаларды чыгарып кетүү боюнча тараптар ортосунда жетишилген макулдашууларды кубаттайбыз. Тараптарды мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен - союздаштык жана жакшы коңшулук маанайда - кырдаалды нормалдаштырууга мүмкүндүк бере турган туруктуу жана узак мөөнөттүү келишимдерге жетишүүгө жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырабыз. Ушуга байланыштуу, Бишкек менен Дүйшөмбүнүн биргелешкен жумушчу тобун түзүү жөнүндө чечимин колдойбуз.
Анын милдетине калк менен маалыматтык иш алып баруу, ошондой эле чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөө жана байкоо салуу кирет. Россия Кыргызстан жана Тажикстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерин карманып, ар кандай талаштуу маселелерди саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр - деп айтылат Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн билдирүүсүндө.