Жаңылыктар
Садыр Жапаров Тажикистандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү
Чек ара
Садыр Жапаров Тажикистандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Тажикистандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоо принцибинде жана ынак коңшулук маанайда конструктивдүү диалог болду. Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаалды жана аны тез арада жөнгө салуу чараларын талкуулашты. Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүнү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды туруктуу абалда сактап калууну колдой турганын белгиледи. 

Президент Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы салттуу жана көп кылымдык достуктун, ынак коңшулуктун негизинде ыраттуу жана жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди. 

Мамлекет башчылары учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү 1-майда, Баткен облусунда өтөт.