Жаңылыктар
Тажикстан Кыргызстандын аймагынан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүдө
Чек ара
Тажикстан Кыргызстандын аймагынан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүдө

Төрт-Көчө ачылып Тажикстан Кыргызстандын "Кызыл-Бел" чек ара көзөмөл-өткөрүү жайына жакын аймактан куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетти. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында эки тараптан атайын комиссия түзүлүп, кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам иш алып барылды.

Баткен облусунан комиссиянын курамында ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен ОИИБнин башчысы Мурат Боронов жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Толонбаев болду.

Облус башчыларынын тапшырмасынын негизинде түзүлгөн эки тараптуу комиссиянын ишинин натыйжасында, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош - Баткен - Исфана жолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди.

Ошондой эле Тажикстан, Баткен районундагы “Кызыл-Бел” чек ара көзөмөл-өткөрүү жайы менен Тажикстандын “Гулистон” чек ара бекетинин аймагындагы куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетти. Аймакта абал турукташууда.