Жаңылыктар
Сабырдуулук менен абалдан чыгабыз
Чек ара
Сабырдуулук менен абалдан чыгабыз

Өлкө үчүн бир туунун астына биригип, өзүбүздүн жерибизди коргойбуз, башканыкын албайбыз деген ураанды астыга коюп, азыркы курч кырдаалдан чыгышыбыз керек. Коомдук ишмерлер, тиешелүү тармактын адистери мекен чегин коргоого кудурет жетет, ал эми куралдуу күчтөрүбүздүн моралдык маанайы, жоокердик руху жогору экендигин айтышат. Ушул күндөрү элибиздин ынтымагы ширелип, патриоттук маанайы ойгонуп, бардык аракеттер сабырдуулук, тынчтык менен абалдан чыгууга багытталып жатат.