Жаңылыктар
Үчүнчү күчтөргө жем болбогула
Чек ара
Үчүнчү күчтөргө жем болбогула

Чек арада жаңжал чыгып кеткени Кыргызстан да, Тажикстан да мүчө болгон Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмун ыңгайсыз абалга салды. Уюмдун башкы катчысы маселе тынчтык менен гана чечилиши керек дейт. Учурда бул уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө. Бирок бир уюмдун ичинде өнөктөш болуп туруп эки мамлекет бири - бирине кол көтөрүп жибергени тыштан караган тарапка ойго келбеген жосунсуз жорук көрүнүп калды.