Жаңылыктар
Ишкерлер жардамга кол сунат
Чек ара
Ишкерлер жардамга кол сунат

Баткен облусунда чек арада болгон окуядан улам жапа чеккендерге гуманитардык жардам өлкөнүн бардык аймактарынан жөнөтүлүүдө. Алардын катарында ишкерлер да бар. Бизнесмендер кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан жабыр тарткан жергиликтүү тургундарга азык-түлүк, кийим-кече, күйүүчү жана майлоочу май менен башка дагы зарыл болгон буюмдарды жөнөтүп, жардам колун сунууга даяр. Өкмөт тарабынан болсо керектүү азык-түлүктүн жана башка буюм-тайымдардын тизмеси түзүлүп, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнө берилди.