УКМКнын Чек ара кызматы 1-майга карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин кабарлайт. Өткөн суткада ок атуу болгон жок. Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 айылдарында абал калыбына келе баштады.
Ош - Исфана жолунун Жака-Орук ошондой эле Төрт-Көчө аймактары тазаланып учурда унаа каттамдары үчүн жолдор ачылды. Чек ара кызматкерлери жолдордо нөөмөт менен күзөттө турушат.