Жаңылыктар
ИИМ социалдык тармактардын колдонуучуларын жалган маалыматтарды таратпоого чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ социалдык тармактардын колдонуучуларын жалган маалыматтарды таратпоого чакырат

Ички иштер министрлиги социалдык тармактардын колдонуучуларын чек арадагы кырдаал боюнча терс комментарийлерден жана жалган маалыматтарды, аудио жана видео жазууларды жайылтпоого чакырат. «Учурда чек арадагы жаңжал жөнүндө бир топ материалдар жарыяланып жатат. 

Абалды турукташтыруу жана терс кесепеттерге алып келүүчү иш-аракеттерден алыс болуу үчүн бардык зарыл нерселерди жасоо маанилүү. 

Ар кандай маалымат ишенимдүү булактардан алынган чыныгы фактыларга негизделип, текшерилиши керек. Жасалма маалыматтын жана жалган маалыматтын жайылышына жол бербөө керек», - деп айтылат билдирүүдө.