Жаңылыктар
Лейлектеги абал. 1-майга караган түн ок атышуусуз өттү
Чек ара
Лейлектеги абал. 1-майга караган түн ок атышуусуз өттү

30-апрелден 1-майга караган түн ок атышуусуз өттү. Коомдук каналдын кабарчысы Миргүл Бокошева жеринен билдиргендей, Лейлек районунда түнү турак үйлөрдүн өрттөгөнү туурасында маалымат бар. 

Чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча биринчи вице-премьер- министр Артём Новиков тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жеринде иш алып барууда. 

Бүгүн түшкө чейин, эки тараптын ортосунда делимитация жана деморкация боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрүнүн жолугушуусу күтүлүп жатат. 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болгон.

29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлүп, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды. Акыркы маалыматтарга караганда, жаракат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 киши.