Жаңылыктар
Саат 11:30га карата маалымат. Тажикстан тарап Төрт-Көчө тилкесиндеги жолду толук тосуп койду
Чек ара
Саат 11:30га карата маалымат. Тажикстан тарап Төрт-Көчө тилкесиндеги жолду толук тосуп койду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кыргыз-тажик чек арасындагы 1-майда саат 11:30га карата абалды салыштырмалуу чыңалган деп баалады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан тарап Төрт-Көчө тилкесиндеги жолду толук тосуп койду. Ошону менен катар, атайын кызмат белгилегендей, чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалууда. Тажик тарап бул боюнча расмий маалымат бере элек. 

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен - Исфана автожолу өтөт. Эске салсак, Төрт-Көчө жолу кечээ ачылып, каттам калыбына келген.