Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалыматтарды координациялаган Медиа штаб түзүлдү. Ал Президенттин Аппараты тарабынан жетекчиликке алынып, күнү-түнү 24 саат бою маалымат менен камсыздайт.
Медиа штабтын негизги максаты – ЖМКларды, коомчулукту жана дүйнөлүк коомчулукту такталган, бирдиктүү, ыкчам маалыматтар менен камсыздоо.
Керектүү маалыматтарды алуу үчүн мамлекеттик жооптуу органдардын өкүлдөрү тартылган медиа-штабга кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар.
Медиа штабдын базасында журналисттердин, эксперттердин жана блогерлердин иши үчүн шарттар түзүлдү. Анда мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусундагы маалымат жыйындары, брифингдер өткөрүлүп турат.