Жаңылыктар
Сүйүн Өмүрзаков Лейлек районунун тургундары менен жолукту
Чек ара
Сүйүн Өмүрзаков  Лейлек районунун тургундары менен жолукту

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков чек арадагы чыр-чатактардан улам кырдаал оор болгон Лейлек районундагы Максат, Кулунду жана Интернационал айылдарынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууга ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын жана чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу учурунда коомдук тартипти сактоо багытындагы бардык маселелер талкууга алынды. 

Жергиликтүү калк милиция менен бирдикте коомдук тартипти сактоо багытында биргелешкен иш пландар белгиленди. Коомдук тартипти сактоо максатында өз ыктыры менен келген элдик кошуундун мүчөлөрү менен милиция кызматкерлеринин абалды турукташтырууда ролу жогору экендиги белгиленди жана мындан ары биргеликте тартипти орнотуу пландары талкууланды.