Жаңылыктар
Баткендеги объектилерди калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендеги объектилерди калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүлөт

Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан тилкелеринде жаңжалдын кесепетинен талкаланган, өрттөнгөн объектилерди калыбына келтирүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардан турган комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн брифингде Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева билдирди. 

Анын айтымында, азыркы учурда министрликтин биринчи кезектеги милдети – жабыркаган объектилердин так санын аныктоо керек. Андан кийин бириктирилген смета түзүлүп, калыбына келтирүү иштери башталат. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан Баткен жана Лейлек райондорунун онго жакын айылы жабыркап, үйлөр жана башка объектер өрттөнгөн.