Жаңылыктар
Тажик аскерлери Арка айылындагы тургундардын турак үйлөрүнө ок ата башташты
Чек ара
Тажик аскерлери Арка айылындагы тургундардын турак үйлөрүнө ок ата башташты

Тажикстандын аскер кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка жергесинде кыргызстандыктардын үйлөрүн аткылай баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. 

Маалымат боюнча, бүгүн саат 12:45ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч. “Лейлек районунун Арка айылында тажик аскерлери Кыргызстандын жарандарынын турак үйлөрүнө ок ата башташты. Буга чейин айылдын жашоочулары көчүрүлгөн. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын чек арачылары коргонуу позициясына өтүштү”, - деп айтылат маалыматта.

Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн эрте менен Тажикстан тарап Төрт-Көчө тилкесиндеги жолду толук тосуп койгонун билдирген. Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен - Исфана автожолу өтөт. Эске салсак, Төрт-Көчө жолу кечээ ачылып, каттам калыбына келген.