Жаңылыктар
Лейлекке азык-түлүк жардамы учак менен гана жеткирилет
Чек ара
Лейлекке азык-түлүк жардамы учак менен гана жеткирилет

Лейлекке азык-түлүк жардамы учак менен гана жеткирилет. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди. 

Анын айтымында, жол жабык болгондуктан, ал жакка гуманитардык жардамды учак менен гана жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри жетектеген гумжардам Баткен облусунун Лейлек районунун Арка, Кулунду, Максат жана Маргун айылдарына жөнөтүлө турганын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 

Айта кетсек, Лейлек районуна жолдун жабылганына байланыштуу бүгүн саат 11ден баштап гуманитардык жүк өткөрүлбөй калды.