Жаңылыктар
Чек арада абал курч бойдон калууда. Саат 15.00го карата маалымат
Чек ара
Чек арада абал курч бойдон калууда. Саат 15.00го карата маалымат

УКМК Чек ара кызматынын Коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү саат 15:00гө карата төмөнкүлөрдү маалымдайт. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал курч бойдон калууда. 

Кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чек арадан алардын туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузуу менен, коңшу тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын Кыргызстан менен чек ара тилкесине алып чыгууну улантууда. 

Баткен районундагы Көк-Таш айылынын аймагында тажик тарап өтүп бара жаткан унааларды аткылап жатат. Маалыматка ылайык, ушул тапта Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тажикстанга баарды. 

Айта кетсек, 30-апрелге караган түнү тараптар ок атышпоо тууралуу протоколго кол коюшканына карабай тажик тарап Лейлек жана Баткен райондорундагы бир нече айылдагы турак үйлөрдү, социлдык жана коммерциялык объектилерди өрттөгөн. Кечээ сүйлөшүүлөрдөн кийин Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келген. 

Бирок бүгүн эртең менен абал курчуп, Тажикстандын аскер кызматкерлери Лейлек районундагы Арка жергесинде кыргызстандыктардын үйлөрүн аткылады. Буга чейин айылдын жашоочулары көчүрүлгөн. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын чек арачылары коргонуу позициясына өтүштү.