Жаңылыктар
Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы барымтадан бошотула элек
Чек ара
Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы барымтадан бошотула элек

Тажик жарандары тарабынан барымтага алынган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев Тажикстандын аймагында экендиги аныкталды жана ал барымтадан бошотула элек. Учурда Ички иштер министрлиги Тажикстандын күч структуралары менен Мырзабек Жумабаевди барымтадан бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 

Эске салсак, 29-апрель күнү Интернационал айылындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон "Жилой дом" тилкесиндеги кыргызстандыктардын турак жайларын тажик аскерлери ээлеп алган. 

Ошол участкага жакын аймакта эки кыргызстандык каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев барган учурда тажик жарандары аны барымтага алган. Бул факты боюнча Лейлек райондук милициясы Жазык кодексинин "Тынчтыкка каршы кылмыштар" беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштаган.