Жаңылыктар
Баткен облусунда чек ара боюнча сүйлөшүүлөр башталды
Чек ара
Баткен облусунда чек ара боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулайт. Аталган жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашууга эки өлкө башчыларынын телефондук сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.