Жаңылыктар
Чек ара кызматынын офицери Нурсултан Манасбек уулу жерге берилди
Чек ара
 Чек ара кызматынын офицери Нурсултан Манасбек уулу жерге берилди

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын офицери Нурсултан Манасбек уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. 

Ал өзү туулуп-өскөн Аксы районунун Дейрес-Сай айылында жерге берилди. Нурсултан Манасбек уулу 1992-жылы Дейрес-Сай айылында туулган.