Жаңылыктар
Эки тарап ок атууну токтотуп, аскерлерди чыгарып кетүүнү макулдашты
Чек ара
Эки тарап ок атууну токтотуп, аскерлерди чыгарып кетүүнү макулдашты

Ок атууну токтотуп, аскерлерди чыгарып кетүү. Бул тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитеттеринин жетекчилери бүгүн кечке жуук жолугуп, сүйлөшүүсүндө макулдашышты. Коопсуздук мекемесинин жетекчилери сүйлөшүүнүн жыйынтыктары тууралуу журналисттерге айтып беришти. Камчыбек Ташиев 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айтып, документ эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет деди. Ал эми Саймумин Ятимов чек арага жакын аймактарда орун алган окуя эч качан кайталанбашы керектигин белгиледи.

УКМКнын чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстан менен Тажикстандын делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык делегациясынын өкүлдөрү эки өлкөнүн күч структуралары жайгашкан жерлерге барышты. Кыргызстандын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт.