Жаңылыктар
Чек арадагы абал: Ош-Исфана жолу ачылды
Чек ара
Чек арадагы абал: Ош-Исфана жолу ачылды

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов менен Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев Тажиксандын Согди облустук милициясынын башчысы Абдулло Навджувонов менен жолукту. 

Сүйлөшүү Ворух анклавында өттү. Тараптар чек арадагы абалды турукташтыруу маселесин талкуулашты. Эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун сактап, коомдук тартипти жөнгө салуу, укук бузуулардын алдын алуу макулдашылды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк тилкеси аркылуу өтүүчү тажиктер тарабынан жабылган Ош - Исфана жолу ачылды.