Жаңылыктар
БУУда чек ара маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
БУУда чек ара маселеси талкууланды

Нью-Йорктогу Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушту. 

Анда Молдоисаева Мирослав Йенчага чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ал ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкенин жана кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга ниеттенип жаткандыгын билдирди. 

Мындан тышкары Молдоисаева кыргыз тараптан БУУнун ички жер которгон кишилерге жана алардын туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүсүнө, ошондой эле өлкөдөгү талкаланган инфратүзүмдүк объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди. Өз кезегинде Мирослав Йенча БУУнун Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды көзөмөлдөп жаткандыгын, ошондой эле тараптардын ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкендигин кубаттады. 

Ошондой эле ал БУУнун жаңжалдан жапа чеккендерге, анын ичинде БУУнун Тынчтык куруу фондунун алкагында жардам берүүгө даяр экендигине ишендирди.