Өкмөт үйүнүн алдында чогулган адамдар нааразылык митингин өткөрүштү
Алар Лейлек районундагы жергиликтүү элди тез арада эвакуация кылууну талап кылышты. Айрымдары Баткенге бара турганын айтып, бийлик өкүлдөрүнөн ал жакка жеткирүүнү талап кылышты. Арасында курал-жарак сурагандары да болду.
Ички иштер министри абалды көзөмөлдөп, эгерде каалоочулар болсо аскердик билеттерин алып тизмеге жазылууну, ал үчүн атайын автобустар уюштурулганын айтты.
Бул арада митингге чыккандардын талабына Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жооп берип, талапты аткаруу мүмкүн эмес экенин, анын кесепети адам өмүрүнө кооптуу экенин билдирди. Аны менен бирге азыркы тапта чек ара чырын жөнгө салуу үчүн чек ара кызматынын эки жетекчиси Тажикстандын аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.