Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы чыр-чатактан улам жалпысынан 16 милиция кызматкерине ок тийип жаракат алган.
Аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жаткандыгын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин медициналык башкармалыгынын кызматкерлери жаракат алгандардын абалын сурап, ал жердеги медициналык шартты көрүп чыгышты.
Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелеринде азыр керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө, дары-дармектер жетиштүү.