Жаңылыктар
Кыргыз эли аза күтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз эли аза күтүүдө

1-2-май Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү. Акыркы 3 күндөн бери Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлери арасында дагы көптөгөн курмандыктар болду. 

Аларды эскерүү үчүн бул күндөрү өлкө боюнча, ошондой эле чет мамлекеттердеги дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында мамлекеттик туулар түшүрүлдү.

Кырчындай жаш өмүрлөрдүн кыйылганы, эч нерседен бейкапар жашап жаткан карапайым жарандардын каза болушу, жаш акындын жүрөгүн ыйлатып, каңырыгын түтөтүп турат. Эл-жериндеги ар бир окуяга жүрөгүнүн түпкүрүнөн маани берип, ар убак үн кошуп келген Бердибек Жамгырчиев, бул жолу да унчукпай кое алган жок. Оргуштаган ойлорун, ыр саптарына салып, курман болгондордун элесине таазим кылат.