Жаңылыктар
Чек ара маселеси: Жетишилген макулдашуунун алкагында
Чек ара
Чек ара маселеси: Жетишилген макулдашуунун алкагында

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын негизинде 1-майда Кызыл-Бел жана Гулистон өткөрүү жайларында Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. 

Анын жыйынтыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык участкаларында ок атууну токтотуу, аскерлерди туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүү жана аны көзөмөлдөө үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. 

Ошол эле учурда түшкөн маалыматтарды жалган же анык экенин текшерүү үчүн эки тараптан текшерүү тобун түзүү жана эгер ал тастыкталса, курал-жарактарды жана аскердик техникаларды алып кетүүнү уюштуруу жана тараптарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына чейин узатуу чечимине келишти.