Жаңылыктар
Президент кыргыз-тажик чек жаңжалында жабыркагандардан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент кыргыз-тажик чек жаңжалында жабыркагандардан кабар алды

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан чек ара жаңжалында жабыркагандардан кабар алды. 

Мамлекет башчысы жаракат алгандардын бардыгын жетиштүү көлөмдө дары-дармектер менен камсыз кылып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. 

Ошондой эле ал моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантуу керектигин кошумчалады.