Жаңылыктар
Тынчтык жана бейпилдик баарынан кымбат - Жапаров
Чек ара
Тынчтык жана бейпилдик баарынан кымбат - Жапаров

Чек ара маселеси буга чейин эле чечилип, чекит коюлушу керек эле. Чек ара такталбагандыктан көйгөй отуз жылдан бери чектеш жашаган айылдардын жергиликтүү тургундарын бушайманга салып келет. Эки тараптуу чырдын кесепетинен жоготуулар катталууда. Тилекке каршы бул жолу да тажик тараптан ок атылып, чек арада кырдаал курчуп кетти - дейт эксперттер. 

Мындайда чагымчылдыкка алдырбай, эки элге орток болгон маданий, илимий ишмерлердин көпүрөлүк милдети чоң ролду ойнойт. Себеби чек ара элчилик жол менен чечиле турган маселе. 

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу жасаган кайрылуусунун негизги мазмуну да чагымчылдыкка алдырбай ынтымакты сактап калууга чакырган. 

Мамлекет бешчысы биримдикти сактап, окуяларды ырбатпай, эки элдин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу маанилүү экенин баса белгиледи. Президент чек арада тынчтыкты көздөп, стабилдүүлүктү сактап калууга күч үрөгөнүбүзгө карабастан, айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам кыргыз-тажик чек арасында калабалуу окуялар башталып кетти-деди.