Өлкөдөгү тынч эмес кырдаалдан пайдаланып айрым тараптар жалган маалыматтар менен элдин маанайын бурмалоого аракет кылышат.
Мындай жагдайда жарандар, айрыкча социалдык тармактын колдонуучулары жалган маалыматтарга ишенбеши керек. Адистер туура эмес маалыматтар кырдаалды курчутуп, чыр-чатактардын ырбашына алып келет дешет.
Чек арадагы чыр-чатактар башталган күндөн тарта эле медиа чөйрөдө, айрыкча социалдык тармактарда ар кандай бурмаланган, жалган маалыматтар тарап кетти. Такталбаган аудио, видео материалдар жана жазуулар азыркы учурга чейин жарандарды чын маалыматтардан алагды кылып жатат.