Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан каза тапкандардын сөөгү жерге берилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан каза тапкандардын сөөгү жерге берилүүдө

 Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан каза тапкандардын сөөгү жерге берилүүдө. 

Учурда каза болгондордун 27синин өздүгү аныкталып, калган алтоо такталууда. Бужум айылынан өздүгү аныкталган 4 адам каза болуп, 30-апрелде жерге берилген. Алардын арасында 25 жаштагы Чыңгыз Темиров да бар. Достору маркумдун артында 15 күндүк ымыркайы атасыз калды деп кейишет.

Мекендин бүтүндүгү үчүн тынчсызданып, чек араны коргоого барган 25 жаштагы Чыңгыз Темиров тажик тараптын огунан каза таап, Бужум айылындагы ушул мүрзөгө коюлду. Бүгүн да анын достору куран окуп бата кылуу үчүн, боз топурак жамынган маркумдун мүрзөсүнө келип отурушат.