Баткендеги чек ара чырында болгон кагылышуудан каза болгон Эсентур Кубанычбековдун сөөгү да бүгүн өзү туулуп өскөн Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жерге берилди.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдаштары жана кесиптештери катышты. Эсентур Кубанычбеков Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулуп, өскөн. Үч бир туугандын экинчиси. Бир жашында атасы жол кырсыктан каза болуп, атасынын инисинин колунда бир тууганы менен калат. Жаштайынан ата-энесиз өскөн дилгир бала аскер адамы болууну кыялданып, аскердик кийимдерди кийип көрүп, мекенин коргоону эңсеп чоңойгон.