Жаңылыктар
Чек арада жапа чеккен тургундарга жардам берүү уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арада жапа чеккен тургундарга жардам берүү уланууда

Чек арада жапа чеккен тургундарга жардам берүү уланууда. Гуманитардык жардам өз дарегине жетүүсү үчүн көмөктү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан өкмөттүн штабына гана чогултуу керек. Себеби чек арадагы кырдаалга байланыштуу чогулган көмөк жерине даректүү жетиши керек.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жапа чеккен жарандарга өлкөнүн бардык аймактарынан көмөк көрсөтүлүүдө. Кырдаалды сыналгыдан көрүп тынчсызданган Бишкек шаарынын тургуну Айнур Дыйканбаева да четте карап турган жок. 

Баткен элине жапатырмак көмөк көрсөтөлү деген шаар тургуну Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгашкан штабка алып келген кийим-кечесин тапшырып, акчасын которду.