Баткенде кырдаал курчуп жатканын көрүп өлкөдөгү миңдеген мекендештерибиз жардамга барууга даяр болуп турушат. Колубузга курал берсеңер канча убакыт болсо дагы мекенди коргойбуз деп жер-жерлерден топтолуп жолго чыкканга даяр тургандар көп чыгууда.
Бирок азыр жагдайды сабыр менен чечпесе, ачууга алдыргандын кесепети кийин оор болушу мүмкүн. Бул тууралуу ушул учурда Баткендеги жагдай чыңалган аймакта эл менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, акыбалды жай турмушка келтирүүгө жардамдашып жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирип, элге анын маанисин түшүндүрүп берди.